
Бүгүн, 2014-жылдын 24-октябры, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилигин түзүү жөнүндө» Указга кол койду.
Указга ылайык, Азербайжан Республикасы менен болгон келишимдерди эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасы менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүүнү камсыздоо максатында чечим кабыл алынды:
Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилигин Баку шаарында түзүү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр керек:
- бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилигинин ишмердүүлүгүн уюштуруу жана каржылык камсыздоо маселелерин республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде чечүү;
- өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирүү.
Указ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.