Депутаттык топтордун лидерлери төмөнкү талапкерлерди белгилешти:
- Болотбек Борбиев ("Ала-Тоо") соттук-укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы аракеттер комитетинин төрагалыгына;
- Курманкул Зулушев ("Мекенчил") конституциялык мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент комитетине;
- Кубанычбек Конгантиев ("Ата-Журт") өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жетекчилигине;
- Алтынбек Кудайбердиев ("Элдик") финансылар, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетине сунушталды;
- Гулсункан Жунушалиева ("Мекенчил") эмгек, саламаттык сактоо, аялдар маселелери жана социалдык маселелер комитетине;
- Токтобубу Ашимбаева ("Мекенчил") билим берүү, илим, инновациялык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар саясаты комитетинин төрагалыгына сунушталды;
- Бакыт Тентишев ("Адилет Кыргызстан") агрардык саясат, суу ресурстары, жер пайдалануусу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жетекчилигине;
- Эльдар Сулайманов ("Адилет Кыргызстан") эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетине сунушталды.