Министрлик 263 жеке клиниканын ишин токтотту, жаза төлөмдөрү 20 млн сомдон ашты
9-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстан боюнча жеке медициналык жана фармацевтикалык мекемелерди текшерүү өткөрүлгөндүгүн маалымдады. Бул контролдук иш-чаралар медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу жана лицензиялык ишмердүүлүк боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүнү камсыз кылуу максатында башталган. Текшерүүлөр «Лицензиялык-уруксат системасы жөнүндө» жана «Жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө» мыйзамдарга ылайык жүргүзүлгөн.