
Проект «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда
Таласта жарык берүү системасын модернизациялоо иштери башталды. Шаардын борбордук аянтында жаңы светодиоддук конструкциялар орнотулууда.
12 метр бийиктиктеги 60 заманбап жарык опорасы жана LED экрандар орнотуу пландалууда. Жаңыланган жарык берүү шаардын борборун жаркырак жана заманбап кылат.
«Альянс Алтын» фондуна ылайык, Талас облусунда инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер уланууда. Азыркы учурда фонд 73 миллион сомдук жалпы суммасында 62 долбоорду ишке ашырды.
Сүрөт www