Кабмин 2025-2027-жылдарга адам укуктары боюнча аракеттер планын бекитти
Кабинет министров 2025–2027-жылдарга адам укуктары боюнча иш-аракеттер планын бекитип, 14-ноябрда №989-Т буйругун чыгарды. Бул документ өлкөнүн адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарууну камсыздоо, ошондой эле БУУнун келишимдик органдары тарабынан берилген сунуштарды ишке ашыруу максатын көздөйт. Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн секретариаты, омбудсмен аппараты, Адвокатура, ошондой эле президенттин региондордогу өкүлдөрү жана жергиликтүү