Кыргызстандыктар грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында бир нече сыйлык орундарды ээлешти
30-октябрдан 5-ноябрга чейин Грецияда грэпплинг боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, анда Кыргызстандык бир нече спортчулар сыйлык орундарды ээлей алышты. Бул тууралуу грэпплинг федерациясы маалымдады. Спортчулар Кыргыз Республикасынын «Номад файтс» жана «Номад грэпплинг» аралаш жекеме-жеке күрөш федерациясынын атынан чыгышты.