Нарын шаарында жылуулук борборунун имараты мамлекеттин балансына кайтарылды
Нарын шаарында жылуулук борборунун имараты мамлекеттин балансына өткөрүлдү, деп билдирди КРнын ГКНБнын маалымат кызматы. Мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, 1992-жылдын январь айында Нарын шаарынын мэриясына таандык жылуулук борбору, жергиликтүү «Нарын жылуулук камсыздоо» ишканасынын кызматкери Ц.К.Х.га мыйзамды бузуу менен сатылган.