



2025-жылдын 25-октябры Бишкекте кимчи фестивалы өтөт, деп маалымдайт шаардык мэрия. Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасының элчилиги уюштурган иш-чара Курманжан Датка эстелигинин алдында жайгашкан аллеяда өтөт. Фестивалдын иштөө убактысы – 10:00дөн 17:00гө чейин, расмий бөлүгү 14:00-15:00гө пландалган.
«Келүүчүлөр корей көчө тамагынан ырахат алып, улуттук кийимдерди кийип, Кореянын маданияты жана салттары жөнүндө көбүрөөк маалымат ала алышат», – деп белгилешет мэриянын өкүлдөрү.
