Бишкекте 23-октябрда өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө 61 айдоочу унааны айдоо укугу жок башкаргандыгы аныкталды. Бул тууралуу УПСМдин басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, «Рулда» операциясынын алкагында төмөнкү мыйзам бузуулар катталган:
- 15 айдоочу алкогольдик мас абалда унаа айдап жүргөн;
- 14 автоунаа ээси унааларынын алды жана тараптагы терезелерин тыюу салынган тонер менен башкарган;
- 45 жөө жүргүнчү жол эрежелерин бузуп, туура эмес жерден көчөнү кесип өткөн.