
Ушул жылдын биринчи тогуз айында Кыргызстанда 4 миң 843 жашы жете элек бала оор жашоо шарттарына туш болду. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 2 миң 514 бала үчүн жеке коргоо планлары түзүлдү, алардын 2 миң 488и кыйын кырдаалдан чыгарылды.
Мындан тышкары, 1277 үй-бүлөгө жардам көрсөтүү зарылдыгы белгиленди, алардын 947си социалдык колдоо, документтерди даярдоо же окутуу аркылуу кризисти жеңип чыгууга жетишти.
Министрлик ошондой эле балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча көңүл бурат. «Бул убакыт ичинде 444 бала тобу коркунучта болуп, ар кандай зомбулуктун курмандыгы болду, жана алардын бардыгына зарыл болгон социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүлдү», - деп айтылат маалымат жыйынында.