22-ноябрдан 30-ноябрга чейин Долон Омурзаков атындагы стадиондо жана СК «Алга» стадионунда 17 жашка чейинки оюнчулардан турган командалар катышкан матчтар өтөт.
Турнирдин финалына бир гана жолдомо үчүн Гуам, Йемен, Камбоджа, Кыргызстан, Лаос жана Пакистан командалары беттешет.
Бардык командалар айланма турнири өткөрүп, ар бири беш матч өткөрөт. Биринчи орунду алган команда финалдык бөлүккө жолдомо алат.
Бул публикацияны Instagramда көрүңүз
Публикация The Kyrgyz Football Union (@kfu_kgz) тарабынан