12-18-ноябрь күндөрү Манас шаарында 23 жашка чейинки командалар үчүн Manas Cup 2025 аттуу эл аралык футбол турнири өтөт. Бул иш-чарага Кыргызстан, Бахрейн, Иран жана Россиянын олимпиадалык курама командалары катышат.
Кыргызстандын Футбол Союзунун (КФС) маалыматына ылайык, бардык оюндар «Курманбек» стадионунда өтөт.
Турнирдин негизги максаты жаштар командалары арасында тажрыйба алмашуу, эл аралык оюн практикасында деңгээлди жогорулатуу жана катышуучу өлкөлөр ортосунда достук мамилелерди бекемдөө.
Мындан тышкары, бул турнирдеги катышуу Кыргызстан курама командасынын 2026-жылдагы Азия Кубогуна даярдыгынын маанилүү этабы болуп эсептелет.
Кыргызстандын курама командасынын оюндардын расписаниеси:
- 12-ноябрь | 19:00 — Кыргызстан против Бахрейн
- 15-ноябрь | 19:00 — Иран против Кыргызстан
- 18-ноябрь | 19:00 — Кыргызстан против Россия
Билеттерди сатып алууга болот: https://ticket.kg/