
Бул даярдык алкагында өткөн беттеште кыргызстандыктар 6:0 эсебинде жеңишке жетишти, деп билдирет Кыргыз футбол федерациясы.
Эскерте кетсек, 23-декабрда өткөн мурдагы беттеште Кыргызстандын курама командасы Кытай командасынан 0:1 эсебинде жеңилип калган. Мындан тышкары, 29-декабрга пландалган Кытай курама командасы менен беттеш жоюлду.
Команданын даярдыгы 2026-жылдагы Азия Кубогуна даярдык катары уланууда, ал Сауд Аравиясында 6-январдан 24-январга чейин өтөт.