
Бишкектеги «Жаштык» аренасында өткөн Super 4 Wrestling күрөш боюнча эл аралык турнирдеги Акжол Махмудов болгариялык спортчу Айк Мнацаканянды жеңди. Кыргыз Республикасынын Жаштар жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, беттеш 5:2 эсебинде Махмудовдун пайдасына аяктаган, ал 82 кг салмак категориясында күрөшкөн.
Жеңиши үчүн Акжол 10 миң доллар сыйлык алат, ал эми анын каршылашы Айк Мнацаканян 5 миң доллар табат.
Эске салсак, бул убакка чейин эки күрөшчү төрт жолу беттешип, ар бири эки жеңишке ээ болгон.