
Кыргызстандык дзюдоист Эрлан Шеров Словениянын борбору Любляна шаарында өткөн Ljubljana European Open-2026 ачык Европа Кубогунда алтын медальга ээ болду. Бул тууралуу Мамлекеттик физкультура жана спорт агенттиги маалымдады.
Соревнования 14-февралдан 15-февралга чейин өттү.
Турнирге 45 өлкөдөн 513 спортчу катышты.
90 кг салмак категориясында Эрлан бардык этаптарды ишенимдүү өттү. Алгачкы айлампаны жребий аркылуу өткөрүп жиберди.
1/16 финалда биздин спортчу бельгиялык Карл Фубертти, 1/8 финалда литвалык Августас Слизеринецти жеңди. Четвертьфиналда ал француз Эниэль Кэролини, ал эми жарым финалда мисирлик Абдалла Абдельсамейди жеңди.
Финалдык беттеште Шеров россиялык Давид Карапетянды жеңип, турнирдин чемпиону наамын жеңип алды.
Кыргызстанды бул соревнованияда үч спортчу өкүлчүлүк кылды: Эрбол Абасбеков (66 кг чейин), Ханболот Ырысбеков (66 кг чейин) жана Эрлан Шеров (90 кг чейин). Команданы башкы машыктыруучу Эркин Ибрагимов жана улук машыктыруучу Азат Кубакаев жетектешти.