Албаниядагы күрөш турнири. Кыргызстандык Эрназар Акматалиев алтын медаль утту

Елена Краснова Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Албаниядагы күрөш турнири. Кыргызстандык Эрназар Акматалиев алтын медаль утту
Сүрөт UWW. Эрназар Акматалиев
Албанияда өткөн рейтингдик эркин күрөш турниринде кыргызстандык Эрназар Акматалиев жеңишке жетти. Бул тууралуу маалыматты Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) таратты.

70 килограмм салмак категориясында финалда ал америкалык спортчу Алекс Уильям Понталеону минималдуу артыкчылык менен 3:2 эсебинде утту.

Финалга жетүү жолунда Акматалиев Россия, Молдова жана Казакстандык атаандаштарын жеңип чыкты.

Ошондой эле, ушул салмак категориясында дагы бир кыргызстандык — Залкарбек Табалдиев коло медаль утту.

Мындан тышкары, 74 кг категориясында алтын үчүн Орозобек Токтомамбетов күрөшөт.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: