
Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев, Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча, учурда дүйнөлүк рейтингдин үчүнчү орунунда турат.
2025-жылы Хорватияда өткөн дүйнө чемпионатында 25 жаштагы балбан 70 килограммга чейинки категорияда коло медаль утту.
Бул сыйлык Акматалиевге UWW рейтингинде үчүнчү орунду ээлөө үчүн жетиштүү упай алууга мүмкүндүк берди.
Февралдын аягында спортчу Албанияда өтө турган рейтингдик турнириге катышууну пландаштырууда.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын аягында Акматалиев UWW версиясы боюнча ушул эле рейтингде бешинчи орунда болгон.