Кыргызстандык арбитр Вероника Бернацкая Австралияда өтүп жаткан аялдар арасындагы Азия Кубогунун жарым финалдык оюнунун судьясы болду. Кыргыз футбол федерациясынын маалыматына ылайык, ал 18-мартта Япония жана Корея командаларынын ортосундагы оюнда арбитрлер тобун жетектеген.
Бул Верониканын бул турнирдеги төртүнчү оюну. Ал буга чейин группалык этаптагы оюндарды, анын ичинде Түштүк Кореянын Иранга жана Япониянын Индияга каршы оюндарын, ошондой эле Австралия менен Түндүк Кореянын ортосундагы чейрек финалдык кармашты судьялык кылган.
