

Тай бокс боюнча дүйнө чемпионаты Бангкокто 10-20-мартта өтүп, кыргызстандык спортчулар 12 медаль утуп, жогорку жетишкендиктерди көрсөтүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Физикалык тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымат берди.
Мамлекеттик команда турнирдэн 6 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль менен кайтып келди.
Алтын медаль уткан спортчулар:
Вероника Ахматова (54 кг чейин);
Диана Зайнитдинова (57 кг чейин);
Нурдоолот Борубеков (63 кг чейин);
Роберт Пак (67 кг чейин);
Богдан Прошин (75 кг чейин);
Элдар Ешбаев (81 кг чейин).
Күмүш медаль уткан спортчулар:
Эркаим Айбекова (60 кг чейин);
Адис Мирболотов (63 кг чейин).
Коло медаль уткан спортчулар:
Мекин Асаналиев (57 кг чейин);
Алихан Закиров (67 кг чейин);
Рашид Магомедов (71 кг чейин);
Раул Рахатбек (71 кг чейин).