
Аманкан Кенжебаев. ЖКнын маалымат кызматынан алынган сүрөт.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Аманкан Кенжебаев дайындалды. Бул тууралуу маалымат президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнөн келди.
Дайындауу тууралуу указды Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык кол койду.
Мурда Эльчибек Джантаев ыйгарым укуктуу өкүлдүн милдеттеринен бошотулуп, азыркы учурда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп иштеп жатат.
Кенжебаев дайындалганга чейин VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген, ошондой эле мурда Сокулук районунун акими болуп кызмат өтөгөн. Ал №19 округдан талапкер катары мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоого катышкан.