Советтик мезгилдеги кыргыз адабияты
Кыргыз жазма адабиятынын негизин бай оозеки элдик чыгармачылык түзөт. Ошондуктан, кыргыз акындары жана жазуучуларынын биринчи чыгармалары формасы жана мазмуну боюнча фольклордун салттарын уланткандыгы таң калыштуу эмес. Улуттук жазма жана басма сөздү түзгөнгө чейин таланттуу кыргыз акындары жана жазуучулары өз чыгармаларын казак жана татар тилдеринде жазышып, жарыялашкан.