САДЫБАКАСОВ Камчыбек Акматович

VK X OK WhatsApp Telegram
САДЫБАКАСОВ Камчыбек Акматовкч


САДЫБАКАСОВ Камчыбек Акматовкч

Архитектор. КПССтин мүчөсү 1979-жылдан бери.
1952-жылы Кыргыз ССРинин Кемин районунун Комсомол айылында төрөлгөн.
1971-жылы Фрунзе шаарындагы Көркөм өнөр окуу жайын аяктап, дизайнер-оформитель кесибин алган.
1971—1973-жылдары Советтер Армиясында кызмат кылган.
1978-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура факультетин аяктаган. Творчество ишмердүүлүгүн 1974-1978-жылдары Фрунзе шаарындагы «Манас» кинотеатрында дизайнер-оформитель катары баштаган.
1978-жылдан бери Пржевальск шаарындагы архитектура кызматтарында иштейт, 1979-жылдан тарта Пржевальск шаарынын башкы архитектору.
1982-жылы Пржевальск шаардык Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
1983-жылдан бери СССР архитектуралар союзунун мүчөсү.

НИГИЗГИ КУРУЛУШТАР

1980. Пржевальск шаарындагы борбордук сквер (топтун курамында);
1985. Пржевальск шаарындагы жеке куруучулар үчүн 4- жана 5-кабаттуу турак үйлөр.

НИГИЗГИ ПРОЕКТТЕР

1979. Пржевальский атындагы музейди реконструкциялоо (топтун курамында).

КОНКУРС ИШТЕРИ

1981. Облустук конкурс. Пржевальск шаарындагы борбордук паркты реконструкциялоо (III сыйлык).
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Комментарий жазуу: