
КУЗНЕЦОВ Валерий Яковлевич
Инженер-конструктор. КПССтин мүчөсү 1966-жылдан бери.
1939-жылы Казак ССРинин Алма-Ата шаарында төрөлгөн.
1957-жылы Алма-Ата курулуш техникумунун архитектура бөлүмүн аяктаган, 1966-жылы Фрунзе политехникалык институтунун өнөр-жай жана жарандык курулуш факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1957-жылы баштаган.
1958—1959-жылдары Советтер Армиясында кызмат кылган. «Киргизгипрострой», «фрунзегорпроект» институттарында, Фрунзе шаарындагы «Центросоюзпроект» филиалында, мамлекеттик курулуш комитетинин шаар куруу бөлүмүнүн башчысы, башкы архитектордун кызматтарында иштеген.
1963-жылдан бери СССР архитектуралар союзунун мүчөсү.
НЕГИЗГИ КУРУЛМАЛАР
1959. Фрунзе шаарындагы инфекциялык оорукананын административдик имараты жана тамактануу блогу;
1967. Беловодсктагы кант заводу үчүн турак жай конушу; Токмак шаарындагы листовой айнек заводу үчүн 1-микрорайон;
1973. Фрунзе шаарындагы Советская жана Московская көчөлөрүндө жайгашкан 80-квартиралуу үй; Фрунзе шаарындагы газ аппаратураларын техникалык пропаганда жана сатуу пункту; Фрунзе шаарындагы Советская көчөсүндө жайгашкан эки 175-квартиралуу турак үй (автордун байланышы).
НЕГИЗГИ ПРОЕКТТЕР
1960. Пристань-Пржевальск айылындагы И. М. Пржевальский музейи (жамааттын курамында);
1961. Воронцовка айылындагы «XX жыл Кыргызстанга» эс алуу үйүнүн деталдаштырылган пландоо долбоору (жамааттын курамында);
1962. Хайдаркан шаарындагы турак жай массивинин деталдаштырылган пландоо долбоору.
КОНКУРС ЖУМУШТАРЫ
1958. Республика аралык конкурс. Алма-Ата. Казак ССРинде курулуш үчүн бир квартиралуу турак үйлөр (I сыйлык).