Вакуленко Валерий Яковлевич (1945)

Орус. ЛГУнун (Ленинград шаары, 1971) бүтүргөн. «Кыргызстан» басмаканасында редактор болуп иштеген, Көркөм адабият редакциясынын башкы редактору, «Советская Киргизия» газетасынын адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы, «Литературный Кыргызстан» журналынын жооптуу катчысы, адабий сын бөлүмүнүн башчысы, 1993-жылдан тарта БГУда педагогикалык иш менен алектенген.
Филология тармагында адис. 300дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 5 китеби жарык көргөн.
Негизги эмгектери:
1. Гуманизм жана адабият. Фрунзе, 1972.
2. Кыргызстандын балдар адабияты. Москва, 1976.
3. Замана жана түбөлүк. Фрунзе, 1978.
4. Эртеңки камкордуктар. Фрунзе. 1985.
5. Орто Азия элдеринин балдар адабияты. Бишкек, БГУ, 1996.