
Прозаик А. Иванов 1938-жылдын 15-сентябрында Казак ССРинин Чимкент шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1958-жылы орто мектепти, 1962-жылы КГУнун филология факультетин аяктаган.
Эмгек биографиясын 1962-жылы «Комсомолец Киргизии» газетасында адабий кызматкер болуп баштаган, кийинчерээк ошол жерде бөлүм башчы болуп иштеген.
1965-жылдан баштап Душанбе шаарындагы «Комсомолец Таджикистана» газетасында адабий кызматкер, редактордун орун басары болуп иштейт.
1969-жылдан баштап Кыргыз ССРинин Гостелерадио комитетинде редактор, телепрограммалардын орун басары болуп иштейт.
1971-жылдан баштап Кыргыз ССРинин КПнын Борбордук Комитетинин биринчи секретарынын инструктору, жардамчысы болуп иштейт, ал эми 1984-жылы «Литературный Киргизстан» журналынын башкы редактору болуп дайындалат.
1962-жылдан баштап чыгат. Биринчи китеби — «Памирские были» очерктер жыйнагы 1969-жылы Душанбеде жарык көргөн. Ал эки очерктер жыйнагы жана беш повесть, аңгемелер жыйнагынын автору.
1966-жылдан КПССтин мүчөсү, 1976-жылдан СССРдин Жазуучулар Союзунун мүчөсү. «Эмгек отличиеси» медалы менен сыйланган.
АЙРЫМ ЖАРЫЯЛАР
орус тилинде
Эдельвейсы остают внизу: Очерки. — Ф.: Мектеп, 1973.— 128 с.
Флаг над перевалом: Повесть, очерки. — Ф.: Кыргызстан, 1975. — 168 с.
Не жди, когда уснут боги: Рассказы и повесть. — Ф.: Мектеп, 1977. — 216 с.
Маленькое чудо под ногами: Повести, рассказы. — Ф.: Кыргызстан, 1980. —300 с.
Снег в сентябре: Рассказы и повести. — Ф.: Кыргызстан, 1983. — 279 с.
Плыла через залив Рыба: Повесть, рассказы. — Ф.: Кыргызстан, 1987, —204 с.