
Поэт Д. Джамансартова 1939-жылдын 14-августунда Кыргыз ССРинин Кант районунун Джерказар айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1958-жылы туулган айылындагы орто мектепти аяктаган, 1965-жылы КГУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек биографиясын 1958-жылы «40 жыл Октябрь» фабрикасында жумушчу болуп баштаган. 1965-жылдан бери «Кыргызстан пионери» гезитинин кабарчысы болуп иштеп келет.
Д. Джамансартова ырларды мектеп окуучусу кезинен жазып баштаган. Алгачкы поэтикалык жыйнагы «Кыздар» (1969) жарык көргөн. Ал драматургия жанрында да өз күчүн сынап көргөн. Анын «Судебное дело» (1984) аттуу пьесасы республикалык эл театрларында коюлган.
1984-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
АЙРЫМ ЖАРЫЯЛАР
кыргыз тилинде
Кыздар: Ырлар. — Ф.: Мектеп, 1969. — 28 б. Девушки.
Кундун желеси: Ырлар. — Ф.: Кыргызстан, 1975. — 56 б. Радуга.
Тамызгы: Ырлар. — Ф.: Мектеп, 1980. — 44 б. Лучинка.
Too ыры: — Ырлар. — Ф.: Кыргызстан, 1983. — 108 б. Песни гор.