
Драматург, кинодраматург, прозаик Б. Жакиев 1936-жылдын 16-январында Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Боконбаево айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1953-жылы туулган айылындагы орто мектепти, 1958-жылы КГУнун филология факультетин аяктаган. 1960-1962-жылдары Москвадагы Жогорку сценарий курстарында тыңдаучы болгон.
Эмгек жолун 1958-жылы КГМИде мугалим болуп баштаган. 1963-жылдан тарта «Киргизфильм» киностудиясынын сценарий-репертуар коллегиясынын мүчөсү, 1968-1972-жылдары кино боюнча башкы редактор, 1975-1983-жылдары Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин бириккен репертуар-редакциялык коллегиясынын башкы редактору болуп иштеген.
1972-жылдан тарта Кыргыз ССРинин Госкиносунын башкы редактору, 1984-1987-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы искусствалар институтунун доценти болуп иштеген.
1987-жылы республикадагы СТД башкармалыгынын катчысы болуп шайланган.
Б. Жакиев 1958-жылы «Атасынын тагдыры» драмасы жарык көргөндө адабиятка кирген, бул аны кыргыз драматургдарынын алдыңкы катарына койгон. «Миң кыял» (1964), «Алтын чаша» (1967), «Сот» (1979), «Күтүлгөн көктөм келет» (1981), «Күтүү» (1984), «Оттуу из менен жүргөндөр» (1986) жана башка чыгармаларында драматургдун көп кырдуу таланты ачылган. Драмалар, новеллалар, аңгемелер, киносценарийлердин бир нече жыйнактарынын автору. Б. Жакиевдин киносценарийлери боюнча «Мурас» (1969), «Искусство тууралуу жомок» (1974), «Куугунтук» (1986) толук метраждуу фильмдери тартылган. Ал «Палата» С. Алешинден, «Кызыл галстук» С. Михалковдон, «Эне Кураж жана анын балдары» Б. Брехттен, «Легендарный Ходжа Насреддин» тууралуу китепти «Апендинин кылмыштары» кыргыз тилине которгон. Жазуучу театр искусствы, кино жана адабият маселелери боюнча адабий-критикалык макалалар, рецензиялар менен басма сөздө үзгүлтүксүз чыгат.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген искусствосунун ишмери (1974).
1975-жылдан КПССтин мүчөсү, 1962-жылдан СССРдин СП мүчөсү, 1966-жылдан СССРдин СК мүчөсү.
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
БАШКА БАСМАЛАР
кыргыз тилинде
Бороондуу жолдо: Новеллалар жана пьеса. — Ф.: Кыргызстан, 1965,— 152 б. Буря в пути.
Атанын тагдыры: Драмалар. — Ф.: Кыргызстан, 1972.— 188 б. Судьба отца.
Эртен жады жыл: Драмалар. — Ф.: Кыргызстан, 1979.— 272 б. Завтра Новый год.
Мен байкемден улуумун: Новеллалар, киносценариплер жана драма. — Ф.: Кыргызстан, 1984.—232 б. Мой старший брат моложе меня.
Саадак какты: Драмалар. — Ф.: Кыргызстан, 1987.— 400 б. Стон тетивы.
орус тилинде
Алтын чаша: Элдик драма. — М.: ВУОАП, 1968.— 79 б.
Буря в пути. — Ф.: Мектеп, 1969.— 92 б.
Кыргыз драмалары: Пьесалардын жыйнагы. — Ф.: Кыргызстан, 1984.— 229 б.
КОТОРУЛАР
Апендинин кылмыштары: Чыгармалар жана мифтер. — Ф.: Мектеп, 1985. —208 б.