Прозаик, акын, кино драматург, котормочу Леонид Дядюченко

admin Кыргызстандын жазуучулары
VK X OK WhatsApp Telegram
Прозаик, акын, кино драматург, котормочу Леонид Дядюченко


Прозаик, поэт, кинодраматург, переводчик Л. Дядюченко 1934-жылдын 16-февралында Ленинград шаарында аскер кызматкери болгон үй-бүлөдө төрөлгөн.
1938-жылдан бери Фрунзе шаарында жашайт. 1952-жылы Фрунзенская СШ № 6 мектепти, 1957-жылы ФПИнин геология-минералогия факультетин аяктаган.
Эмгек биографиясын Кыргыз ССРинин Геология институтунда инженер-геолог болуп баштайт.
1961-жылдан тарта Ош облусу боюнча «Советская Киргизия» гезитинин атайын кабарчысы, «Литературный Киргизстан» журналынын адабий кызматкери, көп жылдар бою «Киргизфильм» киностудиясында редакторлук иши менен алектенген.
1957-жылдан бери республикадагы гезиттер жана журналдарда ырлардын жыйнактары, очерктер менен чыгат.
1962-жылы «Жажда» аттуу поэзия жыйнагы, 1967-жылы Кыргызстандын адамдарынан «Проводник из Чарвака» аттуу очерктер жыйнагы жарык көргөн. Көптөгөн документалдык повесттер, баяндоолор, документалдык жана көркөм фильмдердин сценарийлеринин автору. Жазуучунун чыгармачылыгында «Жемчужина в стене казармы» аттуу хроника-роман маанилүү орунду ээлейт.
Л. Дядюченконун адабий сценарийлери боюнча «Киргизфильм» киностудиясында «Водопад» (1974 ж.), «Зеница ока» (1976 ж.), «Первый» (1974 ж.), «Советский Киргизстан» (1974 ж.), «Кошой-Таш» (1980 ж.), «Твой день, республика!» (1984 ж.) аттуу толук метраждуу көркөм жана документалдык фильмдер, ондогон кыска метраждуу документалдык, илимий-популярдуу фильмдер жана киноочерктер тартылган.
Ал А. Токомбаев, Т. Уметалиев, Т. Кожомбердиев, М. Абылкасымова, С. Акматбекова ж.б. авторлордун чыгармаларын орус тилине которгон.
«Скарабей» повести 1974-жылы Н. Островский атындагы бүткүл союздук адабий сыйлыкка татыктуу болгон.
1966-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1971-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү, 1975-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү.

АЙРЫКЧА ЖЫЙНАКТАР

орус тилинде
Жажда: Ырлар жыйнагы. — Ф.: Киргизгосиздат, 1962. — 62 б.
Уголек: Ырлар. —Ф.: Кыргызстан, 1966. — 95 б.
Проводник из Чарвака: Кыргызстандын адамдарынан очерктер. — Ф.: Кыргызстан, 1967.— 128 б.
Без нужды в Зардалю. — Ф.: Кыргызстан, 1970.—201 б.
В пещерах Киргизии. —Ф.: Мектеп, 1970.— 163 б.
Фамильное серебро: Документалдык повесть. — Ф.: Мектеп, 1974.— 124 б.
Труженец: Скарабей. —М.: Мол. гвардия. 1975. —200 б.
Киргизский мотив: Документалдык повесть. — Ф.: Кыргызстан,1976,— 107 б.
Какая она победа? — М.: Мол. гвардия, 1977. — 222 б.
Серебряный глобус: Документалдык повесть. — Ф.: Кыргызстан,1978, — 144 б.
Ждите ответа: Рассказы и повести. — Ф.: Кыргызстан, 1984. —206 б.
Жемчужина в стене казармы: Хроника-роман. —Ф.: Мектеп, 1986.— 220 б.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Комментарий жазуу: