Прозаик, драматург, кинодраматург М. Гапаров 1936-жылдын 22-мартында Ош облусунун Наукат районундагы Нойгут айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1953-жылы Федоров атындагы Наукат орто мектебин, 1962-жылы КГУнун филология факультетин аяктаган. 1965-1967-жылдары Москвада Жогорку сценарий курстарында окуган. Эмгек жолун колхозчу болуп баштап, 1957-жылга чейин геология изилдөө тобунда жумушчу болуп иштеген. 1962-жылы Тажик ССРинин Мургаб районуна мугалим катары жиберилет. 1963-жылдан тартып Кыргыз ССРинин Гостелерадио комитетинде редактор болуп иштейт, 1967-жылдан, андан кийин 1980-жылдан «Киргизфильм» киностудиясында редактор, 1968-жылдан «Киргизтелефильмде» редактор, 1970-жылдан тартып республика СКсынын консультанты болуп иштеген. 1974-жылдан Ош шаарындагы Кыргыз драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы, 1984-жылдан Иссык-Куль облусу боюнча Кыргызстандын СПсынын консультанты, 1987-жылдан «Киргизфильмдеги» сценарий мастерскойунун мүчөсү. 1950-жылдардын ортосунан баштап басылып чыга баштаган. 1963-жылы «Мейман» («Гость») повести өзүнчө басылып чыккан. Көптөгөн повесттер, пьесалардын автору, анын ичинде «Ночь предопределения» (1975), «Шум реки» (1979), «Карлсон нашего дома» (1983) ж.б. чыгармалары Кыргызстандын, браттык республикалардын театрларында коюлган; «Солнечный остров», «Это не беда!» толук метраждуу көркөм фильмдеринин сценарийлери, Р. Ибрагимбеков менен биргеликте, «Улица» жана ондон ашык хроникалуу-документалдуу фильмдер. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген искусствосунун ишмери (1986). 1974-жылдан бери СССР СПсынын мүчөсү, 1971-жылдан бери СССР СКсынын мүчөсү. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Грамотасы менен сыйланган.
БАШКА БАСПА БӨЛҮМДӨР
кыргыз тилинде Мейман: Повесть. —Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. — 63 б. Гость. Бир шингил жузум. —Ф.: Мектеп, 1966. — 20 б. Гроздь винограда. Кара-Колдун каздары: Аигемелер. — Ф.: Мектеп, 1973.— 128 б. Кара-Кульские гуси. Биздин жакта Арстанбапта. —Ф.: Мектеп, 1977. — 13 б. У нас в Арстанбобе. Дирыялардын шоокуму: Повесттер. — Ф.: Мектеп, 1979.— 136 б. Шум реки. Кызыл беде: Повесттер жана аигемелер. — Ф.: Кыргызстан, 1980.— 168 б. Розовый клевер. Кунвстуу арал: Драмалар. —Ф.: Кыргызстан, 1983.— 168 б. Солнечный остров. Бир шингил жузум: Жомок. —Ф.: Мектеп, 1984. — 20 б. Гроздь винограда. Жацгак токойдун жомогу: Повесттер жана аигемелер — Ф.: Кыргызстан, 1987. — 460 б. Сказки орехового леса. орус тилинде Гроздь винограда: Сказка. — Ф.: Мектеп, 1959.— 20 с. Гость: Маленькая повесть. —М.: Дет. лит., 1970. — 46 с. Дикий гусь: Повести, рассказы. —М.: Сов. писатель, 1976. — 256 с. Ночь предопределений: Пьеса.—М.: ВААП, 1978. — 53 с Солнечный остров: Фантазия в 2-х действиях. —М.: ВААП, 1978.— 49 с. Дикий гусь: Повести, рассказы. —Ф.: Кыргызстан, 1984. — 271 с. Гроздь винограда: Сказка. — Ф.: Мектеп, 1983.— 20 с.