Прозаик, драматург М. Байджиев 1935-жылдын 23-мартында Жалал-Абад шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1954-жылы Фрунзе шаарындагы № 24 орто мектепти, 1960-жылы КГУнун филология факультетинин орус бөлүмүн аяктаган. 1962-1964-жылдары Москвадагы Жогорку сценарий курстарында билим алган. 1960-жылы «Киргизфильм» студиясына хроника боюнча кабарчы болуп жөнөтүлгөн, андан кийин сценарий бөлүмүнүн улук редактору, Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин башкы редактору, «Литературная газета» гезитинин Кыргызстандагы өзүнүн кабарчысы болуп иштеген. 1987-жылы В. И. Ленин атындагы балдар фондунун Кыргыз бөлүмүнүн төрагасы болуп шайланган. М. Байджиев — республикадагы орус жана кыргыз тилдеринде жазган аз сандагы жазуучулардын бири. 1956-жылдан баштап ал кыргызчадан орусчага сынчы жана котормочу катары чыгышкан. Андан кийин анын биринчи бир акттуу пьесалары жана әңгемелери жарык көргөн. 1961-жылы «Каракурт» («Скорпион») аттуу сатиралык әңгемелер жыйнагы жарык көргөн. Анын калемине бир нече повесттер, кино повесттер, әңгемелер, жомоктор таандык. Советтик адабиятта жана чет өлкөлөрдө М. Байджиев драматург катары белгилүү. Ал бир нече пьесаларды жараткан: «Возмужавшие» (1964 ж.), «Дуэль» (1966 ж.), «Мы — мужчины» (1969 ж.), «Праздник в каждом доме» (1972 ж.), «Жених и невеста» (1978 ж.), «Древняя сказка» (1976 ж.), «В субботу вечером» (1981 ж.), «Последний рейс» (1982 ж.), булар биздин өлкөнүн театрларында жана чет өлкөлөрдө ийгиликтүү коюлууда. «Дуэль» пьесасы биздин өлкөнүн, Болгариянын, Венгриянын, ГДРдин, Монголиянын, Польша, Румыния, Чехословакия, Австрия, Швеция, Финляндия, Коста-Рика ж.б. көптөгөн сахналарын айланып өткөн. Анын сюжетине эки опера түзүлгөн. Жазуучу кино драматургия тармагында да жемиштүү иштейт. Анын сценарийи боюнча «Потомок белого барса» (1985 ж.), «Золотая осень» (1980 ж.) «Киргизфильм» студиясында; «Чужое счастье» (1978 ж.) «Узбекфильм» студиясында; «Ночь перед Новым Годом» (1982 ж.) «Казах-телефильм» студиясында толук метраждуу көркөм фильмдер тартылган. М. Байджиевдин әңгемелеринин мотивдери боюнча өлкөнүн башка студияларында бир нече кыска метраждуу көркөм фильмдер тартылган. Ал Кыргыз циркинин «Эхо Ала-Тоо» программасынын автору, бул программа биздин өлкөдө жана чет өлкөлөрдө чоң ийгиликке ээ. М. Байджиев Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы филармониясында «Керегем, сага айтам...» («Кереге, сага айтам...») миниатюра театрынын негиздөөчүсү (1968, 1988 ж.) болуп саналат. М. Байджиевдин чыгармалары достук республикаларда, ошондой эле чет өлкөлөрдө жарыяланган. Жазуучу котормо тармагында жемиштүү иштейт. Ал Д. Фурмановдун «Чапаев» романын кыргыз тилине которгон, ал эми кыргызчадан орусчага К. Джантошев, Тоголок Молдо, Д. Сулайманов ж.б. чыгармаларын которгон. Ал «Манас» эпосун орус тилинде чыгарууга даярдоодо активдүү катышууда. «Правда», «Комсомольская правда», «Литературная газета», «Театр» журналынын окурмандары үчүн М. Байджиев азыркы замандын көйгөйлөрү тууралуу жазган публицист катары белгилүү. Кыргыз ССРинин искусствосунун эмгек сиңирген ишмери (1981 ж.). 1966-жылдан бери КПССтин мүчөсү, 1966-жылдан бери СССРдин СП мүчөсү.
АЙРЫМ ЖАРЫЯЛАР
кыргыз тилинде Кара курт: Ацгемелер. —Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. — 79 б. Чмйыр: Повесть жана ацгемелер. — Ф.: Мектеп, 1966.— 140 б. Тропа. Адашкан адам: Мыскылдуу сахналар, тамашалар, драмалар. — Ф.: Мектеп, 1974. — 208 б. Заблудившийся человек. Ар бир уйде майрам: Драмалар. —Ф.: Кыргызстан, 1980. — 316 б. В каждом доме праздник. Мезгил барактары: Ацгемелер жана повесттер. — Ф.: Кыргызстан, 1987, —320 б. Страницы времени. орус тилинде Возвращение: Рассказы. — Ф.: Киргизгосиздат, 1964. — 111 с. Дуэль: Драма. — М.: ВУОАП, 1968. — 45 с. Чужое счастье: Новеллы, повесть, киноповесть. — Ф.: Кыргызстан, 1969, —203 с. Моя золотая рыбка: Рассказы и повести.— М.: Мол. гвардия, 1976. — 255 с. Мы — мужчины: Веселая притча. — М.: ВААП, 1976. — 55 с. Древняя сказка: Драма. — М.: ВААП, 1978. — 54 с. Мы — мужчины: Веселая притча. — М.: Искусство, 1978. — 46 с. Мы — мужчины: Пьесы. — М.: Сов. писатель, 1978. — 224 с. Однажды очень давно: Повести, киноновелла. — Ф.: Мектеп, 1984. 218 с. Осенние дожди: Рассказы и повести.—М: Худож. лит., 1985. 318 с. Потомок белого барса: Повесть. —Ф.: Мектеп, 1987. — 64 с. СССР элдеринин тилдеринде Дуэль: Драма. —Киев: Мистецтво, 1969. — 49 с. — укр. Праздник в каждом доме: Драматическая повесть. — Киев: 1971. 98 с. — укр. Моя золотая рыбка. —Ташкент: Изд-во лит. и искусства, 1980. 207 с. — узб.
КОТОРМОЛОР
Фурманов Д. Чапаев: Роман. —Ф.: Киргизгосиздат, 1959. —339 Фурманов Д. Чапаев: Роман. —Ф.: Кыргызстан, 1977. — 295 с. Джантошев К. Охотник Адыл и Эдил: Сказка. — Ф.: Мектеп, 1983. 24 с.