
Прозаик М. Имазов 1941-жылдын 1-майында Кыргыз ССРинин Москва районундагы Александровка айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1959-жылы туулган айылындагы орто мектепти, 1964-жылы КГУнун филология факультетинин орус бөлүмүн аяктаган.
1968-1971-жылдары Кыргыз ССРинин илимдер академиясында аспирантурада окуган. Филология илимдеринин кандидаты (1972-жыл).
Эмгек жолун Александровка айылындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган.
1971-жылдан тартып Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын чыгыш таануу бөлүмүндө — жаш илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, ал эми 1982-жылдан тартып сектордун жетекчиси болуп иштейт.
Адабий чыгармачылыгы 1963-жылдан башталат. Дунган тилинде жазат. Анын дунган тилиндеги «Шыйуэди Чи» газетасында, «Байчечекей» балдар журналында жана башка басылмаларда көптөгөн аңгемелери жарыяланган. 1976-жылы орус тилинде «Ласточка» аттуу биринчи балдар китеби жарык көргөн. Дунган мектеби үчүн бир нече монографиялардын, илимий-популярдуу брошюралардын, окуу китептеринин автору.
КПССтин мүчөсү 1969-жылдан, СССРдин Жазуучулар союзунун мүчөсү 1986-жылдан бери.
АЙРЫМ ЖАРЫЯЛАР
орус тилинде
Дунган фонетикасынын негиздери. — Ф.: Мектеп, 1972.— 80 б.
Дунган тили: 4-класска арналган окуу китеби. — Ф.: Мектеп, 1974.— 76 б.
Дунган тилинин фонетикасы. — Ф.: Мектеп, 1975. — 174 б.
Ласточка: Балдар үчүн аңгемелер. — Ф.; Мектеп, 1976. — 47 б.
Дунган тилинин орфографиясы. — Ф.: Илим, 1977.— 168 б.
Дунган тили: 9—10-класска арналган окуу куралы. — Ф.: Мектеп, 1978, — 148 б.
Дунган тили: 4-класска арналган окуу китеби. — Ф.: Мектеп, 1979. — 80 б.
Дунган тили: 9—10-класска арналган окуу куралы. — Ф.: Мектеп, 1981,— 148 б.
Дунган тилинин морфологиясы боюнча очерктер. — Ф.: Илим, 1982.— 213 б.
5—6-класстар үчүн дунган тили боюнча диктанттар жыйнагы: Муғалимдер үчүн методикалык курал. — Ф.: Мектеп, 1983.— 104 б.
Дунган тилинин синтаксиси боюнча очерктер. — Ф.: Илим, 1987. — 164 б.