
Прозаик Т. Абдиева 1941-жылдын 8-мартында Ысык-Көл облусунун Жеры-Огуз районундагы Дархан айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1959-жылы туулуп-өскөн айылындагы орто мектепти аяктаган, 1964-жылы В. В. Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз тили, адабияты жана музыка факультетин бүтүргөн.
1964-1967-жылдары Ош облусунун Алай районундагы «Коммунист» орто мектебинде мугалим болуп иштеген, 1967-1972-жылдары «Ленинчил жаш» газетасында адабий кызматкер, 1972-1977-жылдары «Мугалимдер газетасы» адабий кызматкер, ал эми 1977-жылдан тартып «Кыргызстан аялдары» журналынын редакциясында бөлүм башчы болуп иштеп келет.
1967-жылдан бери басылууда. Алгачкы аңгемелер жыйнагы «Мен да сагындым» (1977-жылы жарык көргөн).
1987-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
АЙРЫКЧА ЖАРЫЯЛАР
Кыргыз тилинде
Мен да сагындым: Аңгемелер. — Ф.: Мектеп, 1977.— 144 б. И я тоскую.
Алай күндөлүгү: Аңгемелер. — Ф.: Кыргызстан, 1982.— 106 б. Дневник Алая.
Кырчын курак: Аңгемелер. — Ф.: Мектеп, 1984. — 92 б. Жаштык жылдар.