
Акын Т. Адашбаев Ош облусунун Ала-Бука районуна караштуу Мазар айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1957-жылы туулуп-өскөн айылындагы «Кызыл» орто мектебин аяктаган, 1963-жылы Ташкент мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. 1980-1982-жылдары Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун жогорку курстун тыңдаучысы болуп иштеген.
1963-1973-жылдары жана 1977-1979-жылдары Ош шаарындагы өзбек облустук «Ленин йули» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштесе, 1973-1977-жылдары Ош облустук телевидение жана радиоберүү комитетинин редактору болуп кызмат өтөгөн.
1987-жылдан тартып Ташкенттеги «Иулдузча» басмаканасынын башкы редактору болуп иштейт.
1957-жылдан баштап чыгат. Өзбек жана кыргыз тилдеринде жазат. Акындын чыгармалары негизинен балдарга арналган.
1964-жылы өзбек тилинде «Камала алмасы» аттуу биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөн, ал эми 1972-жылы кыргыз тилинде «Ала-Тоолук боломун» («Мен Ала-Тоодонмун») аттуу жыйнак жарык көргөн. А. Адашбаев кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын өзбек тилине чыгарууга да активдүү катышып келет.
1965-жылдан КПССтин мүчөсү, 1966-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
АЙРЫМ ЖАРЫЯЛАР
Кыргыз тилинде
Ала-Тоолук боломун: Ырлар.— Ф.: Мектеп, 1972. — 19 б. Мен Ала-Тоодонмун.
Сурнай: Ырлар жана баллада. — Ф.: Мектеп, 1984. — 28 б. Горн.
СССР элдеринин тилдеринде
Камала алмасы: Ырлар. — Ташкент: Мол. гвардия, 1964.—25 с.— өзб.
Биз саякатчылар: Ырлар. — Ташкент: Мол. гвардия, 1966.— —35 с. — өзб.
Арсланбоб водопаддары: Ырлар. — Ташкент: Мол. гвардия, 1969.— —30 с. —өзб.
Нур-Дарья: Поэма, ырлар. — Ташкент: Мол. гвардия, 1974.—340 с.— — өзб.
Акбура толкундары: Ырлар, жомоктор, балладалар. —Ташкент: 1985. —өзб. Подарок: Ырлар. — Ташкент: Юлдузча, 1986. — 52 с.
ТЕРГЕМЕЛЕР
Кыздардын канаттары: Кыргыз акындарынын ырлар жыйнагы. — Ташкент: Гафур Гулям, 1970. — 40 с.
Уметалиев Т. Жайнаган жаворонок. — Ташкент: Гафур Гулям, 1972, —50 с.