Прозаик Акжолтой Текинаев

Прозаик Акжолтой Текинаев Прозаик А. Текинаев 1942-жылдын 20-январында Кыргыз ССРинин Чүй облусунун Алчалуу айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1959-жылы Ак-Бешим айылындагы орто мектепти, 1964-жылы КГУнун филология факультетин, ал эми 1971-жылы Алматыдагы ВПШны аяктаган.

1964-жылы Кыргызстандын Кемин райондук ЛКСМинин бөлүм башчысы болуп дайындалган, 1966-1969-жылдары «Эмгек жарчысы» гезитинин жооптуу катчысы болуп иштеген, 1971-жылдан тартып Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинин орун басары, 1976-жылдан Нарын облусунун облполиграфиздатынын начальниги, 1985-жылдан бери Чүй районунун «Ленинский путь» гезитинин редактору болуп иштеп келет.
1961-жылдан бери басылып келет. А. Текинаевдин биринчи китеби 1971-жылы жарык көргөн «Жылдыздар эч кайда кетпейт» повесттер жыйнагы.

1966-жылдан КПССтин мүчөсү, 1986-жылдан СГ1 СССРдин мүчөсү, 1970-жылдан СЖ СССРдин мүчөсү.
«Эрдиктүү эмгеги үчүн. В. И. Лениндин туулган күнүнө 100 жыл толуусуна байланыштуу» медалы менен сыйланган.
Нарын облустук эл депутаттарынын Советине депутат болуп шайланган (1978 жана 1982-жылдары).

АЙРЫМ ЖАРЫЯЛАР

кыргыз тилинде:
Жылдыздар эч жакка кетпейт: Повесттер. —Ф.: Мектеп, 1971. — 151 б. Звезды никуда не уйдут.
Чабандын уулу: Ацгемелер, повесть. —Ф.: Мектеп, 1974. — 141 б. Сын чабана.
Аппак кар: Ацгемелер жана повесттер. — Ф.: Кыргызстан, 1977.— 168 б. Белоснежье.
Окшош эмес кундер: Повесть. —Ф.: Кыргызстан, 1983. —92 б. Необыкновенные дни.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent