Тихомиров Владимир Яковлевич

Тихомиров Владимир Яковлевич (1950),
медициналык илимдердин доктуру (1990)
Орус. РФнын Оренбург шаарында төрөлгөн.
КГМИни (1974) аяктаган.
Дарыгер, бөлүм башчы, башкы дарыгер, жогорку окуу жайынан кийинки медициналык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, ОМЗ кафедрасынын башчысы болуп иштеген.
Иммунология жана аллергология, фтизиатрия жана пульмонология тармагында адис.
20дан ашык илимий эмгектери жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Кошулган инфекция менен туберкулезди дарылоо. Москва, 1989.
2. Туберкулезге туруктуулукту жогорулатуу. Москва, Туберкулез проблемалары, 1997.