САЙПИДИНОВ Ажатбек

VK X OK WhatsApp Telegram
САЙПИДИНОВ Ажатбек


САЙПИДИНОВ Ажатбек

Архитектор. КПССтин мүчөсү 1970-жылдан бери.
1949-жылы Кыргыз ССРинин Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында төрөлгөн.
1977-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура факультетин аяктаган.
1968-1970-жылдары Совет Армиясынын катарында кызмат кылган.
Архитектура боюнча 1977-жылдан бери иштейт. Чолпон-Ата шаарындагы курулуш жана архитектура боюнча бөлүмдүн улук архитектору.
1983-жылдан бери СССР архитектурачыларынын Союзунун мүчөсү.

НЕГИЗГИ КУРУЛМАЛАР

1978. Чолпон-Ата шаарындагы «Культтовары» дүкөнү;
1979. Ысык-Көлдөгү «Солнышко» пионер лагеринин кире бериш;
1980. Чолпон-Ата шаарындагы «Люби свой город» стенди;
1982. Чолпон-Ата шаарындагы шаардык аскер комиссариатынын имараты;
1985. «Восток» пионер лагеринин катер станциясы.

КОНКУРС ЖУМУШТАРЫ

1979. Республика аралык конкурс. Көрнөк-жарнама жана пропаганда. «Люби свой город» стенди (I сыйлык).
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Комментарий жазуу: