Тян Бронислав Степанович

VK X OK WhatsApp Telegram
Тян Бронислав Степанович


Тян Бронислав Степанович

Архитектор. 1944-жылы Казак ССРинин Талды-Курган облусундагы Уш-Тюбе станциясында төрөлгөн.
1963-1966-жылдары Советтер Армиясында кызмат кылган.
1972-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектуралык курулуш факультетин аяктаган.
1972-1976-жылдары Фрунзе курулуш техникумунда архитектуралык долбоорлоо жана сүрөт сабагынан мугалим болуп иштеген.
1976-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Архитектура тарыхы» кафедрасына чакырылган, учурда ошол жерде мугалим болуп иштейт. 1941—1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 20 жылдыгына карата юбилейлик медаль менен сыйланган.
1979-жылдан бери СССР Архитекторлор Союзунун мүчөсү.

НЕГИЗГИ КУРУЛУШТАР

1974. Фрунзе шаарындагы 7-микрорайондо ярмарка павильону;
1976. Фрунзедеги Жаштар гвардиясы бульвары боюнча көпүрөнүн дизайны;
1977. Фрунзедеги Тоголок Молдо көчөсү менен 50 жыл Октябрь проспектинин кесилишинде Улуу Октябрь социалисттик революциясынын 60 жылдыгына арналган стела;
1978. Фрунзе шаарындагы Ленин проспекти боюнча «Эркин республикалардын бекем биримдиги» орнотуусу (жамааттын курамында).
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Комментарий жазуу: