Жакыпов Аттокур
Жакыпов Аттокур Сүрөтчү. 1947-жылдын 12-апрелинде Жалал-Абад облусунун Тайгараев айылында туулган. 1977-жылы Фрунзе көркөм окуу жайын аяктаган. 1975-1982-жылдары Жалал-Абад шаарындагы көркөм өнөр цехинде сүрөтчү-декоратор болуп иштеген. 1982-1984-жылдары М.В.Фрунзе атындагы музейдин сүрөтчү-реставратору. 1984-1994-жылдары «Кырчын» журналынын редакциясында иштеген. Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм академиясынын көркөм мектепте сабак берет.