Болокова Алмагуль Жакшилыковна
Болокова Алмагуль Жакшилыковна Сүрөтчү-кол өнөрчү. 1957-жылдын 4-февралында Ысык-Көл облусунун Ой-Тал айылында төрөлгөн. 1987-жылы С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр училищесин "Көркөм токуу" адистиги боюнча аяктаган. 1979-1985-жылдары - Москвадагы №11 жуугуч фабриканын сүрөтчү-декоратору, 1987-1994-жылдары - Караколдогу Көркөм фонддун сүрөтчү-декоратору, 1994-1995-жылдары - С.Чокморов атындагы профтехучилищенин устаты.