Франкль Феликс Исидорович

Франкль Феликс Исидорович (1905-1961),
физика-математика (1931) жана техникалык илимдердин доктору (1944), профессор (1935)
Еврей. Вена шаарында (Австрия) төрөлгөн.
Веня университетин (1927) аяктаган.
СССРдин ЦИКинин алдындагы Коммунисттик академияда илимий кызматкер болуп иштеген, ЦАГИнин бөлүм башчысы, Артиллерия академиясынын бөлүм башчысы, МГУнун профессору, КГУнун кафедра башчысы.
Математика, механика, математикалык жана теориялык физика тармагында адис.
СССРдин Артиллерия академиясынын корреспондент-мүчөсү (1944).
Эйлердин алтын медалы менен сыйланган.
100дөн ашык илимий эмгектер жарыяланган, анын ичинде 3 монография, 1 окуу куралы.
Анын жетекчилиги астында доктордук жана кандидаттык диссертациялар корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Газ динамикасынын негиздери (биргелешип). ЦАГИнин эмгектери, 1938, №368.
2. Ички баллистика маселеси (биргелешип). ДСП.
3. Жука денелердин газ динамикасы (биргелешип). ДСП.
4. Газ динамикасы боюнча тандалган эмгектер. Москва, «Наука», 1973.