Абу Дулаф - Түштүк Аравиядан кыргыздар тууралуу автор
Абу Дулаф. «Рисале» («Записка») — Китаб асар ал-билад» ал-Казвини. Готтиген., 1848
Автор Түштүк Аравиядан чыккан жана кандайдыр бир себептерден улам Орто Азиядагы Саманиддердин сарайына келген. Абу Дулаф 942-жылы Бухарадан саякаттарын баштап, Тянь-Шань жана Чыгыш Түркестан аркылуу Кытайга өткөн. Анын «Запискасы» XIII кылымдагы авторлор Йакут жана ал-Казвини аркылуу бизге белгилүү болду. Абу Дулафтын кыргыздар тууралуу бардык билдирүүлөрү IX—X кылымдардагы башка араб авторлору тарабынан тастыкталган.
Араб тилинен которгон О. Караев
Текст: Хирхиз өлкөсү. Хирхиздер — түрк уруусу. Алардын өлкөсүнө баруу бир ай1. Алардын үстүнөн баары баш ийген бир бий бар. Ал алардын иштеринен кабардар: анын алдында 40 жаштан жогорку адамдар гана отурат. Алардын өзгөчө өлчөмдүү сүйлөшүү тили бар, аны намазда колдонушат. Намаз окуп жатканда, түштүккө карашат2.
Жылына үч майрам өткөрүшөт. Алардын желектери жашыл түстө, майрамдарда илип коюшат. Алар Сатурнду жана Венераны урматташат, ал эми Марсты жаман белгилердин бири деп эсептешет.
Алардын өлкөсүндө жапайы жаныбарлар көп. Хирхиздер буудай, күрүч3, сиыр этин, кой этин жана башка (эттерди) жеп жашашат, бирок түйө этин жебешет. Алардын обряддык үйү бар жана алар жазып жатканда колдонгон камыш өсөт. Алар иштеринде сак жана акылдуу. (Жанган) шамды өз-өзүнчө өчкөнчө өчүрбөйт4. (Хирхиз өлкөсүндө) түнкүсүн жаркыраган таш бар, ал (лампалардын) ордун басат.
Комментарийлер жана эскертүүлөр
1 Абу Дулаф кыргыздардын жерлеринен Түштүк Тянь-Шань аркылуу өткөн болушу мүмкүн.
2 Бул жерде ислам дини жөнүндө сөз болуп жаткандай.
3 Күрүч Минусин котловинасында өспөйт. Демек, Абу Дулафтын бул баяны Тянь-Шань кыргыздарына тиешелүү.
4 Ислам менен катар кыргыздарда шаманизмдин калдыктары болгон.