Бул долбоордун алкагында жалпы суммасы 4 миллиард 92 миллион 769 миң 440 сомду түзгөн кредиттер берилди.
Кредиттер мамлекеттик банктар аркылуу жылдык 10% пайыздык ставкасымен берилди. Бул каражаттар мал чарбачылыгы, өсүмдүк чарбачылыгы жана суу үнөмдөө технологияларын киргизүү сыяктуу багыттарды колдоого жумшалды. Ошондой эле кредит берүү программасына «агрардык техника лизинги» сектору кирди.
Берилген маалыматтарга ылайык, кредиттер төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- «Өсүмдүк чарбачылыгы» категориясында 441 миллион 19 миң сомго 898 кредит берилди.
- «Мал чарбачылыгы» алкагында 3 миллиард 381 миллион 643 миң сомго 5 миң 443 кредит берилди.
- «Суу үнөмдөө технологиялары» боюнча 17 миллион сомго 24 кредит бөлүндү.
- «Лизинг» багытында 253 миллион 107 миң сомго 122 кредит берилди.