Кыргызстанда Региондорду өнүктүрүү фонддору социалдык-экономикалык демилгелерди колдоп, өлкөнүн ар кандай региондорунда жашоо шарттарын жакшыртууга жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.
Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, фонддордун каржыланышы кен казуучу компаниялардан жана жер казынасын пайдаланууга байланыштуу лицензиялык төлөмдөрдөн алынган акчалардан жүргүзүлөт.
Бул фонддор облустар жана райондор деңгээлинде иш алып барып, инфраструктура, ишкердик, жумуш орундарын түзүү жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу сыяктуу тармактардагы долбоорлорго каражат бөлөт.
Ишмердүүлүгүнүн негизги максаты — туруктуу экономикалык өсүүнү колдоо, кичи жана орто бизнесин өнүктүрүү, ошондой эле региондордун инвесторлор үчүн жагымдылыгын жогорулатуу.
2024-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 554 токтому менен бекитилген Фонддор жөнүндө үлгү жобого ылайык, экономикалык долбоорлор ОАО «Госфинхолдинг» (мурунку Каржы министрлигинин алдындагы Финансылык-кредиттик фонд) аркылуу 2% жылдык пайыздык ставкасында бюджеттик кредит берүү түрүндө каржыланат.
2025-жылдын биринчи тогуз айынын жыйынтыгы боюнча:
ОАО «Госфинхолдинг» 915,3 миллион сомдук 184 экономикалык долбоорду бекитти, анын ичинен 128 долбоор 595,7 миллион сомго каржыланды.
Салыштыруу үчүн:
- 2024-жылы жалпы суммасы 165,8 миллион сомдук 38 долбоор ишке ашырылган;
- 2023-жылы — 146,1 миллион сомдук 34 долбоор.