Бул долбоор эки өлкө ортосундагы келишимдин алкагында ишке киргизилип, жеңил жана коммерциялык унааларды өндүрүүгө багытталган.
Завод жылына 10 миң унаа чыгарууга мүмкүнчүлүк берген өндүрүш кубаттарына ээ, бул санды 30 миңге чейин көбөйтүү пландары бар. Долбоорду ишке ашыруу 4,5 гектар аянтта 1000ден ашык жумуш ордун түзүүнү карайт.
Долбоорго болгон жалпы инвестициялар 50 миллион долларга жакын жана үч этапта ишке ашырылат.
Бул заводдо өндүрүлгөн унааларды сатып алууну колдоо үчүн «Жеңилдетилген авто кредит» программасы башталды, анын шарттары төмөнкүлөр:
- Проценттик ставка жылына 8%.
- Баштапкы төлөм — унаанын баасынан 20%.