Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры кыргызстандык Панфилов Иван Васильевич
Советтик Союздун Баатыры Панфилов Иван Васильевич Иван Васильевич Панфилов 1893-жылы Саратов облусунун Петровск шаарында төрөлгөн. Орус. КПССтин мүчөсү. 1918-жылдан бери Советтик Армияда. Генерал-майор. 316-аткычтар дивизиясынын командири. 1915-жылы цардык армияга рядовой катары чакырылган. 1918-жылы 1-Саратов советтик полкуна ыктыярчы болуп кирген, ал 25-аткычтар дивизиясына легендарлуу командир В. И. Чапаевдин жетекчилигинде кошулган. Польша фронтундагы жоокердик эмгектери үчүн Кызыл Туус