Гребенюк Раиса Васильевна (1913-1987)
Гребенюк Раиса Васильевна (1913-1987), биология илимдары боюнча доктор (1965), профессор (1966). Украинка. Украина ССРнин Полтава облусунда туулган. Харьков ветеринардык институтун (1938) аяктаган. Ассистент, ХВИ кафедрасынын жетекчиси, КирФАН СССР лабораториясынын жетекчиси, ИБ АН Кыргыз ССР лабораториясынын жетекчиси болуп иштеген.