Вечёркин Сергей Семёнович (1926)

Вечёркин Сергей Семёнович (1926) Вечёркин Сергей Семенович (1926), ветеринардык илимдердин доктуру (1971), профессор (1976).

Орус. Казак ССРинин Жамбыл облусунун Луговой районундагы Подгорное айылында туулган. Москва ветеринардык академиясын (1951) жана ВИЭВдин аспирантурасын (1955) аяктаган. Кыргыз НИВИнин директору, илимий кызматкер, лабораториянын башчысы, КирНИИЖВнын орун басары, Нечернозёмдук зонадагы НИВИнин директору, илимий кызматкер, Кирг. НИВИнин орун басары, 1999-жылдан тартып - Кырг. ГНИКИВдин паразитология бөлүмүнүн башкы илимий кызматкери болуп иштеген.

Ветеринардык паразитология тармагында адис. Почет белгиси ордени, СССР медалдары, Кырг. ССРинин Жогорку Кеңешинин Грамотасы менен сыйланган. Кырг. ССРинин эмгек сиңирген ишмери. 110дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 2 ойлоп табуусу жарыяланган. Анын жетекчилиги астында 1 докторлук жана 7 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Бабезиеллозго каршы койлорду иммунизациялоо боюнча тажрыйбалар. Тр. ВИЭВ, том 21, Москва, 1957.
2. Иммунизацияланган койлордун кене - жугузгучтардын мүмкүн болгон булактары катары мааниси. Тр. Кирг. НИИЖВ, чыгарылыш 16, "Ветеринария" бөлүмү, 1962.
3. Кыргызстанда ири мүйүздүү малдын гемоспоридиоздорго каршы күрөшүүнүн жыйынтыктары. Тр. Кирг. НИИЖВ, чыгарылыш 18, Фрунзе, 1968.
4. Ош облусунун айрым райондорундагы айыл чарба жана жабайы жаныбарлардын иксодид кене. (авторлордун биригип жазган эмгеги). Аймактык эпидемиология материалдары, т. 21, 1-бөлүк, Фрунзе, "Кыргызстан", 1972.
5. Ош облусундагы арбовирус инфекцияларын изилдөө материалдары. (авторлордун биригип жазган эмгеги). Аймактык эпидемиология жана гигиена материалдары. Фрунзе, 1974.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent