
Анастасян Сергей Нерисович (1902-1978), ветеринария боюнча илимдердин доктору, профессор (1955)
Азербайжан ССРинин Мардакер районунда туулган. Казан ветеринария институтун (1931) жана ошол жерде аспирантураны (1935) аяктаган.
Казан ветеринария институтунда кызматкер болуп иштеген, КСХИнин эпизоотология жана паразитология кафедрасынын башчысы болуп турган.
Эпизоотология тармагында адис. Ленин ордени, СССРдин медалдары, Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген илимпозу. 90дан ашык илимий эмгектери жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 4 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Козулардын инфекциялык плевропневмониясы. Фрунзе, 1954.