Белеков Токтурбай (1941), ветеринария боюнча илимдердин доктуру (2000).
Кыргыз. Боз-Бешик айылында, Жети-Огуз районунда, Ысык-Көл облусунда төрөлгөн. Пржевальск айыл чарба техникумун (1960), Алматы ветеринария институтун (1967) аяктаган. Лаборант, улук лаборант, илимий кызматкер, жетекчи илимий кызматкер катары СССРдин АЧИ НИнин, Кыргыз НИВИнин лабораториясында иштеген, 1986-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик ветеринария илимий-изилдөө контролдук институтунун вирусология лабораториясынын жетекчиси.
Вирусология тармагында адис. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Грамотасы менен сыйланган. 60тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монографиясы жарык көргөн.
Негизги эмгектери:
1. Айлана-чөйрөгө универсалдуу вакцина үчүн иммуногендик активдүүлүк (авторлордун биригип). // Матер. Бүткүл союздук илимий-техникалык конференциясы иммунология жана биотехнология маселелери боюнча. Нижний-Новгород, 1990, б. 10-11. 2. Серологиялык реакциялар үчүн концентратталган антиген даярдоо (авторлордун биригип). // Матер. Эл аралык конференция. Агрардык биотехнологиянын актуалдуу маселелери, Гвардейский, 1998. №1-2, б. 114-115. 3. Агроөнөр жай жаныбарларынын ящуры жана ага каршы күрөшүү чаралары (авторлордун биригип). Бишкек, 1999. 4. Кыргыз Республикасында жаныбарлардын ящур оорусун алдын алуу жана жоюу боюнча чаралар жөнүндө нускамалар (авторлордун биригип). Бишкек, 1999. 5. Кыргыз Республикасында ящурдун эпизоотологиясын изилдөө жана каршы чараларды жакшыртуу боюнча жыйынтыктар (авторлордун биригип). // Жыйынтык. Межведомстволук илимий-практикалык конференция, академик К.И. Скрябиндин 120 жылдыгына арналган. Бишкек, 1999, б. 216-221.