Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоонун тышкы саясий аспекттери
Кыргызстан өзүнүн тышкы коопсуздугун камсыздоодо аскердик каражаттардын жетишсиздигин өнөктөштүк мамилелерди, аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү, жамааттык коопсуздук системаларына катышуу аркылуу жоюуга аракет кылууда. 2002-жылдагы Аскердик доктринада мамлекеттин аскердик уюмун өнүктүрүүдө «Кыргыз Республикасы аскердик коопсуздукту камсыздоонун саясий-дипломатиялык жана башка аскердик эмес аракеттерине биринчи орун берет» деп белгиленген.